Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунда аял өнөктөшүн бычактап өлтүрдү (фото)

Милициянын маалыматына караганда, кылмыш мас абалындагы чырдын негизинде жасалган

2023-жылдын январь айынын башында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Ленинское айылынын тургуну, жаран Ч.Ю.нын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. 1963-жылы туулган зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери болгон. Көкүрөк тарабында бычактан жаракат алган.

Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адам аныкталган. Ал маркум менен чогуу жашаган жаран П.И. 1977-жылы туулган, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Андан соң Аламүдүн райондук соту камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Маалым болгондой, кылмыш мас абалындагы чырдын негизинде жасалган. Тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облусунун ИИББнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх