Санкт-Петербургда 24 жаштагы кыргызстандык токмок жеп каза болду
Жаш жигитти шампан бөтөлкөсү менен урган
Санкт-Петербургда кыргызстандык жергиликтүү тургун тарабынан сабалып каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Журналисттердин айтымында, 1-январда тез жардам кызматы башынан жаракат алган 24 жаштагы баланы Седова көчөсүндөгү кафелердин биринен канааттандырарлык абалда алып кеткен. Ал киши плитканын үстүнө кулап түшкөнүн түшүндүргөн.
Ооруканага жаткырылгандан кийин бейтап 7-январда каза болгон. Көрсө, анын жаракаттары жөнөкөй жыгылганга караганда алда канча оор экен – баш мээнин ачык жаракаты, каптал сөөгүнүн сынышы, мээсинин шишиги ж.б.
Кылмышка шектүү жабырлануучу каза болгон күнү Бабушкина көчөсүнөн кармалган. 1-январь күнү мас абалында мушташ чыгып, каза болгон адамдын башына бөтөлкө менен чаап кеткен жумушсуз жергиликтүү жаран Петербургдук укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшүп калган.
Аталган факты боюнча тергөөчүлөр тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүгү (Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кийинки тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Сүрөт www