Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу оюн-зоок жайындагы мушташ үчүн УКМКнын кызматкерлери иштен бошотулду

Кылмыш ишин Аскер прокуратурасы карайт

2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы "Sky Bar" оюн-зоок мекемесинде болгон окуя боюнча УКМКнын айрым кызматкерлеринин катышуусунда УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул окуяга катышкан коомдук тартипти бузгандыгы, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин жогорку наамына шек келтиргендиги үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

"Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат атайын кызматтын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Айта кетсек, буга чейин социалдык тармактарда көңүл ачуучу мекемеде мушташкан видео тараган. Жаңжалдын жүрүшүндө УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн жоокерлери жаранды сабап салышканы болжолдонууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх