Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кармады (фото)

Чиновник жергиликтүү тургундан 4 миң доллар талап кылган

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча 11-январда 86 миң сом өлчөмүндө талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алууда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары А. , М.Б.С.дан жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурдагы токтомун жокко чыгарып, жергиликтүү тургундан 4000 доллар талап кылган.


Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх