Оштогу криминалдык жаңжал. Уюшкан кылмыштуу топтун «Коён» каймана аты бар 27 жаштагы мүчөсү өлтүрүлдү
Мушташтын дагы бир катышуучусу арматура менен сабалып, реанимацияда жатат
Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун "Коен" каймана аты бар 27 жаштагы мүчөсү өлтүрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
— Бугун кечинде Фрунзе районунда криминалдардын беттешуусу болду, — дешти милициядан. - Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган “Коен” каймана аты бар адам бычакталып каза болду. Арматура менен сабалган мушташтын дагы бир катышуучусу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда беттешке катышкандарды издөө жана кармоо иштери жүрүп жатат.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз