Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон-Атада ууру батирге кирип, сыналгы уурдап, өрт чыгарууга аракет кылган (фото)

Шектүү Нарын облусунун аймагынан кармалган

7-январь күнү Ысык-Көл РИИБге 1972-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын тургуну кайрылган. Ал 5-7-январь күндөрү үйүндө жок болгондугунан пайдаланып, белгисиз адамдар анын батирине тымызын кирип, сыналгысын уурдап кетишкендигин, ошондой эле өрт коюуга аракет кылышканын түшүндүргөн. Келтирилген материалдык чыгым 30 000 сомду түзгөн.

Бул факты Ысык-Көл РИИБнын КЖБРге катталып, К.Р.нын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал Нарын облусунун аймагынан кармалып, андан соң Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал жаран А.Ч болуп чыкты. 1995-жылы туулган, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну.


Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата 20 суткага камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББсынын сөз кызматы билдирди
Ысык-Көл облусунун ИИБнын фотосу

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх