Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдаркенде жааган кардан улам жолду суу каптады (фото)

ӨКМ куткаруучулары жол кыймылын калыбына келтирүүгө бир нече саат жумшашкан

Бир күн мурун жааган кардан улам Айдаркендин айланасында жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 


Белгиленгендей, жүк ташуучу унаа суу каптаган аймактан өтө албай калган.​

Окуя болгон жерге башкармалыктын 10 куткаруучусу, ошондой эле жергиликтүү тургундар тартылган. Алар дренаждык түтүктү жаткырып, жолду шагыл менен жаап коюшкан. Бир нече сааттык жумуштан кийин жол ачылды

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх