Чүй облусунда алты жашар кыз арыктап каза болду
Милиция тергөө иштерин баштады
Чүй облусунун Жайыл районунда алты жаштагы кыз ооруканада каза болду. Бул тууралуу журналисттерге медициналык мекемеден билдиришти.
Дарыгерлердин айтымында, бала өтө начар тамактанган жана суусуз калган. Кыздын салмагы болгону 12 килограмм болгон. Дарыгерлер баланы сактап калуу аракетине карабастан, кыз каза болгон. Маалым болгондой, ал көп балалуу болгон, апасы чет жактарда иштейт.
Ал арада Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Vesti.kg сайтына кыздын өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, бала пневмония менен ооруган», — деп белгилешти ведомстводон.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз