БЧКга 9 жаштагы бала чөгүп кетти
Баланын жакындары сөөктү эки күндөн кийин табышкан
Бишкекте БЧКга 9 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Кечээ «Дордой-2» жаңы конушундагы Чүй каналына 9 жаштагы бала агып кеткенин билдик», - деп билдирди аталган кызмат. Окуя болгон жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн. Ошондой эле 20га жакын жергиликтүү тургундар жана баланын жакындары болгон. Алар эртеден кечке издеп, бирок баланы таппай коюшкан. Издөө иштери бүгүн эртең менен улантылды. Сөөктү маркумдун жакындары бир жарым саат мурун табышкан.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз