Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Панфилов районунун ооруканасында 4 млн сомго мыйзамсыз дарылар жазылып берилген

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду

Панфилов райондук прокуратурасы тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлгөнүн УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө, 2022-жылдын 9 айында белгисиз адамдар электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепттер, анын ичинде каза болгон 66 каза болгон адамдардын наамына жазылып калгандыгы аныкталган. 

Ошондой эле, калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт  боюнча дары дармектер мыйзамсыз берилип кеткен. 

Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фонду тарабынан жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх