УКМК: Сузак районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрирдин» экстремисттик идеологиясынан баш тартты
Учурда УКМК тарабынан мамлекет ичинде тыюу салынган уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда
Сузак районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрирдин» экстремисттик идеологиясынан баш тартканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
- Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандары экстремисттик идеологиядан эл алдында: 1975-жылы туулган Б.Х.М., 1965-жылы туулган Ю.С.Х., 1979-жылы туулган М.М.Н. б. ., 1979-жылы туулган Б.И.И жана Н.А.Т., 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары баш тартышты. Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан, - деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун ишмердүүлүгүнө Кыргызстандын аймагында жол берилбестигин билдирүү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышканы белгиленди.
Учурда КР УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.