Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамкурулуштун ведомстволор аралык комиссиясы Ысык-Көл районунда 29 мыйзамсыз объектини аныктады

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президенттинин №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында ведомстволор аралык комиссияны түзүп 24.01.2023-ж. тартып пансионаттардын, эс алуу зоналарынын курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышына инвентаризация жүргүзүп, ошондой эле Ысык-Көл районунун тазалоочу курулмаларынын мониторингин жүргүзүүдө.

10 күндүн ичинде комиссия Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда 29дан ашык мыйзамсыз курулуш объектиси аныктады. Ведомстволор аралык комиссия өз инвентаризациялоону, мониторинг жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча ишти улантат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, Ысык-Көл районунун бардык аймагындагы комиссиянын ишмердүүлүгү 1 айга созулат. Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агеннтиги архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону өтүнөт.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Наверх