Бишкекте 3 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Каза болгондордун арасында жаш бала да бар
Бүгүн, 17- февараль эртең менен Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда 3 адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Ал 36 жашта деп билдирди "АКИpress" агенттигинин булактары.Буга чейин 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда аял киши, өспүрүм кыз, жана жаш баланын сөөгү табылган. Окуя болгон жерден өспүрүм кыз качып кетүүгө аракет кылып, терезеден секирген. Бирок аны кармап кайра батирге алып киришкен. Ал эми жаш бала муунтулган.
Учурда териштирүү иштери башталып, иштин чоо - жайы иликтенүүдө.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз