Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Германиядан келген кишинин ашказанынан кокаин табылды

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды

Ашказанына 50 таңгак кокаинди жашырып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизаттарды жеткирүү каналын жөнгө салууга аракет кылып жаткан белгисиз адамдар боюнча маалыматы текшеришкен. Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө 10-февраль күнү "Манас" эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен 1986-жылы туулган Т.В. аттуу жаран кармалган. Ал Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн Кыргызстанга баңгизатты аткезчилик менен алып келген.
Кармалган жарандын ашказанын текшерүүдө медициналык кол каптарга оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин экендиги аныкталган.
Жаран Т.В. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган.
Маалыматта белгиленгендей, баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы" баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.

 фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх