Өзгөн районунда үч кичинекей кыз иске ууланып чарчап калышты
Алардын апасы ооруканага жаткырылган
Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында үч кичинекей эже-сиңди каза болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 26 жаштагы К.кызы Б. ооруканага жаткырылып, анын төрт, үч жана бир жаштагы кыздары каза болгон.
Туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз