Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдик жаранды жосунсуз тамашага алган блогердин иши сотко жөнөтүлдү

Блогер кылган иши үчүн коомчулуктан кечирим сурады

Чет элдик жаранга жосунсуз тамаша кылганы үчүн борбордо кармалган блогер О.А.га байланыштуу материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда ЦУМдун жанындагы жер астындагы өтмөктө белгисиз адам чет элдик жаранды тамашага салам деп, аны коркутуп алган видео тараган. Факты боюнча иликтөө иштери башталган.
Башкармалыктан билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул факты КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») менен катталган. Кийинчерээк социалдык тармактарда дагы бир видео пайда болуп, анда блоггер кылган иши үчүн кечирим сураган.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх