Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Украинадагы согушка бүгүн бир жыл. Бишкекте согушта курман болгондорду эскерип гүл коюп жаткан беш активист кармалды

Кармалгандар Биринчи Май РИИБне жеткирилген.

Бишкекте бүгүн, 24-февралда Украинадагы согуштун бир жылдыгына карата Эмен паркына гүл коюп жаткан жеринен беш активист кармалган. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, активисттерди жарандык кийимчен адамдар кармап, уюлдук телефондорун тартып алышкан.
Укук коргоочу кармалгандар Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө экенин жана жактоочуларды аларга киргизбей жатышканын белгиледи. 

- Негизи жети адам кармалып, экөөнүн жанында жаш баласы бар болгондуктан дароо кое берилген. Азырынча эч кандай айып коюла элек. Полиция кызматкерлери түн ичинде бир жерге украин лентасын илип койгондорду издеп жатканы да белгилүү. Биринчи май РИИБден кечирим сурап, камалгандарды бошотууну талап кылабыз. Эстеликке гүл коюуга, ошондой эле ленталарды байлоого тыюу салынган эмес, бул эстеликтин визуалдык ишараты, - деп жазган ал.

Эске салсак, бүгүн Украинада согуш башталганына туура бир жыл болду.

Камила Аляева

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх