Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерлерине бычак менен кол салган бейбаштарга кылмыш иши козголду

Дарыгерлер коомдон жардам сурап кайрылышты

Бишкекте бир айга жакын убакыттан бери тез жардам кызматынын дарыгерлерине кол салууга шектелгендер табылбай келет. Бул тууралуу тез жардам дарыгерлери өздөрү Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыгышты. Алардын айтымында, тез жардам бригадасына кол салуу 27-январда болгон. Андан соң аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

- Бизге чакыруу 27-январда саат 21:00дө Чүй проспектисинде жайгашкан «Инлаваш» кафесинен келип түшкөн. Биз келип эс-учун жоготкон адамга тез жардам көрсөтөлү деген маалда, анын жанындагы эркектер ызуу-чуу кылып, акырында бириси колуна бычак алып, дарыгер жакка шилтеген. Биздин медициналык чемоданыбызды талкалап салышкан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 12,5 миң сомдон ашык. Бул боюнча милицияга кабар берилип, тергөө башталган, - деп жазган ак халатчандар.

Бирок, алардын айтымында, кылмышкерлер али табыла элек. Буга байланыштуу алар шектүүлөрдү издөөдө бардык кайдыгер адамдардан жардам сурап, коомчулукка кайрылышкан.

— Достор, биз бардык (ЖМКларга, блогерлерге, активисттерге) тез жардам бригадасына кол салууга күнөөлүү адамдарды табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Мындай кол салуулар кылмыш гана болбостон, медициналык жардамга муктаж болгондорго жардам көрсөтүүдө талыкпай эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет. Келгиле, медициналык кызматкерлерибиздин коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды кол салуулардан жана зордук-зомбулуктан коргоо үчүн бардыгын чогуу жасайлы, дешти алар.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх