Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте сегиз айлык бала жер жаңгакка какап, өпкөсүнө чуркап кеткен

Дарыгерлер жаш балдарга тамак берүүдө этият болууну суранышат

Бишкекте дарыгерлер сегиз айлык баланын эки өпкөсүнө кирип кеткен жержаңгакты наркоз менен алып чыгышты. Бул тууралуу Кыргыз-Орус Славян университетинин балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы Калыбек Мыкиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сегиз айлык балага майдаланган жержаңгак берип коюшкан. Бала какап, жаңгак эки өпкөсүнө тең кирип кеткен. Аны наркоз менен араң алып чыктык. Аягы кейиштүү да бүтүшү мүмкүн эле», - деп жазган ал. Дарыгер кичинекей балдарды тамактандырууда ата-энелерге этият болууну суранды.

Белгилей кетсек, Калыбек Мыкиев ата-эненин начар көзөмөлүнөн улам балдардын дем алуу жолдоруна тамак-аш же бөтөн нерселер кирип кеткен көп учурларды өз баракчасына жазат.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх