КРСУнун жанында өзүн-өзү өрттөгөн адамдын денесинин 80% күйүп калган
Жабыркаган адам учурда оор абалда ооруканада
Бишкекте КРСУнун жанында өзүн-өзү өрттөп жиберген адамдын денесинин 80% күйүп калганын Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 1979-жылы туулган жаран А.Р. аттуу жаран үй-жайы жок селсаяк болгон.
- Алдын ала ал адам өз жанын кыюуга барган деп айта алабыз. Абалы оор, - деп айтылат маалыматта.
Учурда бейтап Клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүндө.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз