Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эне жана эки баласынын өлтүрүлүшү. Бишкек ШИИББинин кылмыштын чоо-жайын айтып берди

Үрөй учурган кылмыштын бетин ачууга видеокамералар жардам берген

Борбор калаанын 5-кичирайондо коомчулуктун үрөйун учурган үч адамдын өлтүрүлүшүнүн чоо-жайы тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев АКИpress'тин түз эфиринде айтып берди.

Эске салсак, 16-февралда аял эки баласы менен өлтүрүлгөнү тууралуу кабар кыргызстандыктардын жакасын карматкан.

Ногойбаевдин айтымында кылмышка чыр-чатак себеп болгон. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, өлтүрүлгөн аял менен шектүү ошол түнү ичимдик ичишкен.

- Коңшулар ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан экен. Терезеден секирип түшкөн кыз жердеги унаага тийип, анын автосигнализиясы да иштеп кеткен. Бирок, алар үндөргө маани бербей, домкомго кеч кабар айтышкан, - деди Ногойбаев. Домком жумуштан келгенден кийин видеокамераларды карап, райондук милицияга кабарлаган. Милиция кызматкерлери менен ӨКМдин кызматкерлери келип, батирди ачып, үч адамдын сөөгү бар экенин аныкташкан.

Анын айтымында, кылмышка шектүүнү бузууга аракет кылган видеокамералардагы жазуулар кылмыштын бетин ачууга жардам берген. Кармоо учурунда ал эч кандай каршылык көрсөткөн эмес, унчукпастан тартип сакчылары менен кошо Октябрь райондук тергөө кызматына келген.
Ногойбаев кошумчалагандай, шектүү Баткен району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон, спорт менен алектенген.

Ал бишкектиктерди кошуналардан ызы-чуу угулса кайдыгер болбой, милицияга билдирүүгө чакырды.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх