Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мурдагы сүйлөшкөн кызын уурдоого шектелген жаран кармалды

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБнен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-март күнү милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү саат 16.30да «Калыс-Ордо» жаңы конушунда жубайын белгисиз бирөөлөр күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165, "Адам уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, уурдалган келин менен шектүү мурда кыз-жигит болушкан.

Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх