Кеминде бир ай мурун жоголгон 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды
Кеминде жергиликтүү тургундар 3-мартта шаардын чыгыш тарабындагы тоодон кыздын сөөгүн табышкан. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркумдун өздүгүн такташкан. Ал 2023-жылдын 6-февралында дайынсыз жоголгон 1999-жылы туулган Т.Э., болгон. Сөөктөн күч колдонуу белгилери табылган эмес.
Аталган факт боюнча материалдар Кемин райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Керектүү укуктук экспертиза дайындалды.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз