Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Жалал-Абад санаторийинин директорунун орун басарын бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылганы үчүн кармады

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. Жалал-Абад санаториясынын бейтаптарынан акча талап кылып алып жаткан жеринен кармалган.
Такталгандай, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх