«Манас» аэропортунда жалпы наркы 4 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабандалык алып өтүүсүнө бөгөт коюлду
Өзбекстандын эки жараны Стамбултан Бишкекке келе жаткан жеринен кармалган
«Манас» аэропортунда жалпы наркы 4 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабанда менен өткөрүп бара жаткан жеринен эки чет элдик аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
- 2023-жылдын 23-февралында саат болжол менен саат 03:00 Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстан Республикасынын эки жараны «К.С.Ш.» жана «Т.С.А.» жалпы салмагы 1040 кг алтын зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган, - деп айтылат маалыматта.
Кармалган алтын зер буюмдардын орточо базар баасы 4 264 369 сомду түзгөн. Мамлекетке жалпысынан 950 614 сом зыян келтирилген.
Фактылар КБР МКЖ АДСга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
фото www