Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наркы $1 млн герионди Кыргызстан аркылуу ташыган делип Тажикстандын жараны кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди

Наркы 1 млн доллардан ашкан герионди Кыргызстан аркылуу ташыган делип Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМК жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында Кыргызстан аркылуу афган тектүү баңгизаттын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюу боюнча эл аралык атайын операция өткөрүлдү.

Атайын операциянын жыйынтыгында 100 кг ашык героин баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 37 жаштагы К.О.А. аттуу Тажикстандын жараны Алматы шаарынан кармалды. Ал баңгизатты Кыргызстандын аймагы аркылуу ташып жүргөн.

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Жогорудагы аныкталып алынган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 млн 190 миң долларды түзөт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх