Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды

УКМК ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматты жеткируүнү суранат

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997 жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023-жылдын 25-мартында Т.А.А. 18 мин сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх