Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Альфа Телекомдун» дагы бир мурдагы башчысын кармады

Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

КР УКМК кылмыш иликтөө иштеринин алкагында «Альфа Телеком» ЖАКнун жабдыктарды жогорулатылган баада сатылып алынган фактысын аныктады.
«Альфа Телеком» ЖАКнун IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси, тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх