Борбор калаадагы №63 мектеп-гимназиясында жардыруучу зат изделүүдө
Мектептин айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды
Бишкектеги №63 мектеп-гимназиясында жардыруучу зат бар экени тууралуу билдирүү түшкөн.
Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, билдирүү бүгүн саат 09:43тө түшүп, жерине тергөө-ыкчам топ барган.
Мектептин айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Окуучулар жана кызматкерлер эвакуацияланды, - деп айтылат билдирүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз