Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Баткен ОИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды

Кармалган жаран эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.М.К. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган.

Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

А.М.К. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бир жылдан ашык убакыт Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Ага карата 2021-жылдын 23-декабрында Биринчи май шаардык соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сырттан тандаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх