Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип кызмат адамдары кармалды

Аларга карата кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тарабынан Ак-Ордо-3 конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.
Текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен сатышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх