Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россельхознадзор Кыргызстанда чыгарылган адал колбасадан чочко эти табылгандыгын билдирди

"Тойбосс" компаниясы бул маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан чочко эти табылган. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын (Россельхознадзор) сайтында маалымдалат.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, Россельхознадзор Кыргызстандын тиешелүү органдарынын республикадагы мал чарба азыктарын Россияга экспорттоодо ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдөгү ишин жетишсиз деп эсептейт.

"Кыргызстандан алып келинген адал колбасаларынын курамынан атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан чочко эти жана соя табылган. Кеп Кыргызстандын Чүй облусундагы компания жөнүндө болуп жатат. Аталган компания өзүн "Адал" стандарты боюнча эт азыктарын чыгарган ишкана катары көрсөтүп келет", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде "Тойбосс" компаниясы Россельхознадзордун билдирүүсүнө жана кыргызстандыктардын тынчсыздануусун эске алып, эч качан адал эмес этти колбасага колдонбогондугун, мал союуда шарият мыйзамдары так сактала тургандыгын билдирди.

"Биздин компания 5 жылдан бери башка мамлекеттерге колбаса азыктарын экспорттоп келет. Бүтүндөй өндүрүш линиясы жана даяр продукция "Халал" стандарттарынын шайкештигине текшерилет. "Халал" колбасалардын ичинен дал биздин бренд БАЭ жана Катарда жана Түркияда өткөн көргөзмөлөргө катышкан.

"Тойбосс" компаниясынын 3 "Халал" сертификаты бар:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;

Кыргызстандын Халал индустриясын өнүктүрүү борбору;

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

"Биз ар дайым экскурсияларды өткөрүп, өндүрүштүн видеолорун жарыялап келгенбиз, кардарлардан жашыра турган эч нерсебиз жок. Биз дайыма сиздер менен чынчыл мамиледе болгонбуз жана дагы да ачык иш жүргүзүүнү уланта беребиз", - деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх