Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тимур Файзиев уюшкан кылмыштуу топтун кылмыштуу кирешесин адалдаган деп айыпталууда

Ал эки айга СИЗОго камалды

Элит Хаус курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев уюшкан кылмыштуу топтун кылмыштуу кирешесин адалдоого айыпталууда. Бул тууралуу журналисттерге борбор калаанын Октябрь райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен ал 9-декабрга чейин Бишкектеги №1 СИЗОго камалды.

Эскерте кетсек, буга чейин “Элит Хаус” курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиевге борбор калаадан жер тилкелерин алуудагы коррупцияга, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга шериктеш болгон деген шек менен кылмыш иши козголгон. Ал кармалган, бирок кийинчерээк соттун чечими менен «зыяндын ордун толтуруу» үчүн бошотулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх