Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Булбулум, булбулум ай" — Элмирбек Иманалиевдин ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде уюштурулат

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт.

Республикалык "Айтыш" коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөт. Башталышы саат 15:00.

Иш-чарада төкмө акындын обондору ырдалып, ырлары окулат, ошондой эле сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын апрель айында 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Эл артисти 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх