Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыяланды

Директорлук кызматка кандай жетекчи келиши керек?

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялады. Конкурска квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат.

Мектептин директорунун кызмат ордуна кандай жетекчи келиши керек?

1.жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;

2.атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

3.аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

4.соттолбогондор;

Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмеси министрликтин https://edu.gov.kg расмий сайтында илинип турат.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх