Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте компьютердик клубдун атын жамынган вебкам студия аныкталды

Учурда иликтөө иштери уланууда

Мекемеде болжол менен 20-25 жаштардагы 7-8 жигит иштеп жатканы белгилүү болду. Бирок балдар котормочулар экени, алар модель менен туруктуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталды.

Бул бизнес бир топ киреше алып келет. Жумушчулардын айтымында, бул турак жайдын ижарасы айына 700 долларды түзөт.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер алынды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө кызматы Бишкектеги вебкам студияны аныктады. Министрликтин маалыматына караганда, 6-апрелде 161-берене (Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүлгөн.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары көрсөтүлгөн белгилүү бир студиянын дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх