Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатын жеңиш менен баштады
Ал кореялык Минжи Ханы 10:0 эсебинде жеңип алды
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач кореялык Минжи Ханы 10:0 эсебинде ишеничтүү түрдө жеңип алды.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын, Үзүр Жузупбеков (97 кг) күмүш, Роман Ким (130 кг) Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль багындырды.
Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Бишкек мэриясы кездеме калдыктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алды