Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Былтыр канча адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркаган?

Башкы прокурор билдирүү жасады

Кыргызстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 8 миң 225 аял жана 290 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле 210 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан прокуратура органдары тарабынан 980 зомбулук фактысы катталган. 8 миң 725 күзөт ордери берилип, 190у узартылган.

“Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 181 прокурордук акт түзүлүп, 82 кылмыш иши козголгон. 63 факт жоюлуп, 36 факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, - деди ал.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх