Каршы тилкеге чыккан жол тандабаска 60 миң 500 сом айып салынды
Айдоочуга жалпысынан төрт протокол толтурулду
Буга чейин 10-апрелде соцтармактарда каршы тилкеге чыккан жол тандабастын видеосу тараган.
Көп өтпөй бүгүн, 11-апрелде аталган унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Республикалык ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда жол тандабастын айдоочусу каршы тилкеге чыккандыгы үчүн, терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн, жасалма мамлекеттик номер менен жүргөндүгү үчүн төрт протокол толтурулуп, жалпысынан 60миң 500 сом айып салынган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз