Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк банк жогорку билим берүүнү жакшыртуу долбоорун ишке ашырат

Долбоор билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган

Учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Ошондой эле жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына чыккан маалыматта айтылат.

Ушу тапта АКШнын Вашингтон шаарында иш сапары менен жүргөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолугуп, биргеликте жүзөгө ашыра турган пландарды талкуулады.
    
Жолугушууда Акылбек Жапаров банкка тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.
  
Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргызстандын билим берүүгө жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө каражаттын олуттуу көбөйүшү көңүл бурууга арзый турганын, социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жатканын белгилеген.
   
Ушул күндөрү Акылбек Жапаров Вашингтондо иш сапары менен жүрөт. Ал Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун Жазгы жыйындарына катышат, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бир катар жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх