Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйылкы ажылык сапардын баасы $3,9 миң болду

Төлөмдөрдү кабыл алуу 12-апрелден башталат

2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Төлөмдөрдү кабыл алуу 12-апрелден башталат.

"Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер ушул жылдын 17-апрелине чейин РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөөсү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх