Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды

Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды. ИИМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 12-апрель күнү милицияга Ш.И. аттуу жаране арыз менен кайрылып, Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук “Део-Тико” үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгын билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Өзгөн РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо)
боюнча кылмыш ишин козгошкон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү кармашкан. Алар, мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен
1990-жылы туулган Т.Р. экени аныкталган.

Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх