УКМК Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевди кармоо учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү
Самаев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
УКМК Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныктап, кармоо учурундагы сүрөттөр менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
Фото www