ИИМдин КИББнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген жаран кармалды
Буга чейин Ленин райондук милициясына арыз келип түшкөн
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Буга чейин Ленин райондук милициясына арыз келип түшкөн. Анда, 2022-жылдын декабрь айында шаардын тургунунун денесине залал келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү айтылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча денеге келтирилген жаракаттын оордугу жалпысынан ден соолукка жеңил зыян катары бааланат. Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун тургуну 1995-жылы туулган Д.уулу А. аттуу жаран кармалган. КИББнын Үчүнчү башкармалыгынан билдиришкендей, кармалган жаран буга чейин ар кандай оор кылмыштар үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган. Шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
ИИМдин Басма сөз кызматы