Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында куралдуу атышуу болуп, террорист жок кылынды

Эки тартип сакчысы жабыркады

Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу терорист жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кылмышкердик кармоо операциясына ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери тартылган.
"Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министрлиги окуя учурунда эки тартип сакчысы жабыркаганын билдирди.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх