Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Атадагы ок атышуу. Муфтият медресе курчоого алынды делген маалыматты четке какты

Медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөн

Дмитриевкадагы ок атышууда медресе курчоого алынды делген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталып, кылмышкерлер медресени курчап алды делген маалымат тараган эле.

“Маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда катталган. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, бул жаатта тиешелүү органдар иш алып барууда”, - деп белгилешти муфтияттан.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин ИИМ Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу болуп, бир террорист жок кылынгандыгы маалымдаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх