Тоң районунда 3 гектар жерге 840 түп тянь-шань карагайы отургузулду
Иш-чара "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылды
Тоң районунда 3 гектар жерге 840 даана тянь-шань карагайы отургузулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчөттөр Тоӊ токой чарбасы тарабынан Карала-Арча жана Шатылы тилкелерине отуругузду.
Иш-чарага Тоң районунун, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Тоң токой чарбасынын кызматкерлери катышты.
Эскерте кетсек, көчөт отуруу КР президентинин "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашырылды.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз