Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат дыйкандар үчүн жер салыгын көбөйтүүнү сунуштады

Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев дыйкандар үчүн жер салыгын кайра карап чыгууну жана көбөйтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, 2008-жылы айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын негизги ставкалары 1998-жылы жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча киргизилген жана андан бери өзгөргөн эмес.

Учурда буудай данынын базар баасы республика боюнча орточо эсеп менен центнерине 3000-3100 сомду түзөт. Баалардын жана айыл чарба өндүрүшүнүн шарттарынын өзгөрүшүн эске алуу менен жер салыгынын ставкаларын кайра эсептөө зарылчылыгы келип чыкты.

Мисалы, Чүй облусунун Сокулук районунда 2023-жылга буудайдын орточо рыноктук баасын (1 кг үчүн 30,47 сом) эске алуу менен жер салыгынын ставкасы сугат айдоо аянттарынын 1 гектары үчүн азыркы 407 сомдон 3230 сомго чейин жогорулайт.

Буга байланыштуу “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) иштелип чыкты.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх