Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

WhatsApp жөнөткөн билдирүүлөрдү оңдоп-түзөөгө шарт түзөт

Мессенжердин колдонуучулары ката жазып алса оңдоого 15 мүнөт берилет

WhatsApp жөнөткөн билдирүүлөрдү оңдоп коюуга мүмкүнчүлүк берген функцияны киргизет. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
 
Мессенжердин колдонуучулары ката жазып алса оңдоого 15 мүнөт убакыт берилет. Бирок "оңдолду" деген белги коюлуп калат. Ал үчүн жөнөткөн текстти басып туруу керек, меню чыкканда "өзгөртүү" дегенди басып, ката жазылган тестти оңдоп же кошумчаласа болот. Маектеши билдирүүнү өзгөрткөнгө чейин эмне жазылганын көрө албайт.
 
Аталган функция дүйнө боюнча киргизилип жатат, жакынкы жумаларда бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.

Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх