Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"География түндөрү — 2023" эл аралык акциясына катталуу башталды

Шарттары:

Бишкектеги "Русский дом" эл аралык "География түндөрү — 2023" акциясына катталуу башталганын билдирди.

Жыл сайын Россиянын географиялык коому тарабынан уюштурулуп келген акция быйыл 2-3-4-июнь күндөрү болот.

Иш-чаранын максаты – географиялык билимди жайылтуу жана калктын географияга болгон кызыгуусун арттыруу.

"Акция күндөрү дүйнөнүн ар кайсы шаарларында жана өлкөлөрүндө кино көрсөтүүлөр, көргөзмөлөр, чыгармачылык жолугушуулар, ачык сабактар жана экскурсиялар уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага катышуу үчүн сайтка 25-майга чейин катталуу зарыл. Ал эми толук маалыматты порталдан алууга болот.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх